Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:08

Ысык-Көлдө инисин өрттөн сактап калган 7 жаштагы бала сыйланды


Ысык-Көлдө инисин өрттөн куткарып калган 7 жаштагы Аль-Алим.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда өрттөнүп жаткан үйдөн инисин алып чыккан 7 жаштагы Альалим сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

14-ноябрда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы мектеп-гимназиянын 1-классынын окуучусу Альалим Алланазаровго облус башчысынын биринчи орун басары Дамир Моңолдоров ыраазычылык кат жана белек катары велосипед тапшырды.

Мындан тышкары, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Жумагазиев жана Ак-Суу районунун акими Улан Дөкөнбаев ыраазычылык кат жана белектерди беришти.

13-сентябрда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын Октябрь көчөсүндөгү №48 үйдөн өрт чыккан. Альалим Алланазаров өрттөнүп жаткан имаратты көздөй чуркап, үйдүн ичинде уктап жаткан бир жарым жашар инисин алып чыккан. (AsM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG