Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:11

Аксы районунун Коргон айылында киши колдуу болгон кайнене-келиндин өлүмү боюнча кылмыш иш козголду. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, экөөнүн сөөгү өз үйүнөн табылган.

Расмий бышыктала элек маалыматка караганда, үйдөгү дагы бир кызды өлтүрүү аракети болгон. Ал оор абалда райондук ооруканада жатат.

Факт боюнча РИИБ Кылмыш кодексинин 97-беренеси - "Киши өлтүрүү" боюнча иш козгоду. Кылмыштын чоо-жайы тууралуу толук маалымат бериле элек. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG