Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:29

Токаев: Атамбаевдин кезектеги туталанма сөздөрү алака-катышка зыянын тийгизет


Касым-Жомарт Токаев.

Кыргызстандын кызмат мөөнөтү бүтүп жаткан президенти Алмазбек Атамбаевдин 15-ноябрдагы билдирүүлөрүнө Казакстандан Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев жооп кайтарды.

“Атамбаевдин Казакстанга ыплас асылуу менен коштолгон кезектеги туталанма сөзү чыныгы жакшы коңшулук мамилеге зыянын гана тийгизет. Чоң саясатта мындай эмоцияларга орун жок. Кыргызстанды блокадалоо жөнүндө сөз жүргөн жок. ЕАЭБдин нормаларын - талаптарын аткарыш керек. Сүйлөшүүлөрдүн предмети мына ушул”,- деп жазды Касым-Жомарт Токаев өзүнүн "Твиттердеги" баракчасында.

Атамбаев 15-ноябрдагы сөзүндө кыргыз-казак чек арасындагы абалды “блокада” деп атап, Кыргызстан анын кесепеттерин көтөрө алат деп ырастаган болчу.

Ал туруктуу өнүгүү стратегиясын талкуулоо боюнча жыйында сүйлөгөн учурунда төмөнкүлөргө токтолгон:

- ЕАЭБге киргенибиз туура чечим болгон. Биз бул уюмда калышыбыз керек. Андан чыкпайбыз. Бирок орус, казак басма сөзүн күнүгө окуйм, анда "Кыргызстан, Атамбаев ЕАЭБди талкалагысы келип жатат" деп жазып жатышат. Бул чылгый калп. Чынында бир айдан бери Казакстандын жетекчилигинин өзүмбилемдиги үчүн биз башка өлкөлөрдөн, ЕАЭБден ажыратылган абалда турабыз. Блокада Кыргызстандын президенти “мыйзамдарды сыйлап, ички иштерибизге кийлигишпегиле” деп талап койгону үчүн гана жасалып жатат. Бизге башкалардын эрежесин таңуулоонун кереги жок.

Кыргыз-казак чек арасында өзгөчө жүк тарткан унаалардын тыгыны 10-октябрдан бери байкалууда.

Бул көрүнүш Атамбаевдин 15-октябрдагы шайлоо алдында казак бийлиги, президенти Нурсултан Назарбаевдин дарегине айткан сөздөрүн расмий Астана “саясий максатты көздөгөн чагым” деп атагандан кийинки учурга туш келди.

3-ноябрда казак премьери Бахытжан Сагинтаев алар өзүнүн эле эмес, Кыргызстан да мүчө болгон Евразия экономикалык биримдигинин экономикалык кызыкчылыктарын коргоп жатканын белгилеп, чек араны ачуунун беш шартын атаган.

Анын ичинде Кыргызстан мыйзамсыз экспортко, контрабандага каршы иш жүргүзүшү керек экенин билдирген.(UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG