Орусия "Таблиги жамаатты" тамырлатпайт
Орусиянын Москва шаарында "Таблиги жамаат" диний уюмунун жети мүчөсү кармалып, алардын алтоо кыргызстандык болуп чыкты. Орусия экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизген бул жамаатка Кыргызстанда тыюу салынган эмес. Ошондон улам Орусиядагы мечит кызматкерлери маалыматтын жоктугу Кыргызстандан келген эмгек мигранттарын жабыркатып жатат дешүүдө.