Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

БУУ Сириядагы химиялык чабуулду иликтөө боюнча эки сунушту карайт


Сирия өкмөтү апрелде тыюу салынган зарин газын колдонгону айтылган.
Сирия өкмөтү апрелде тыюу салынган зарин газын колдонгону айтылган.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде бүгүн Сириядагы химиялык чабуулду иликтөө боюнча АКШ жана Орусия демилге көтөргөн эки башка сунуш колго салынмакчы. Улуттар Уюму жана Химиялык курал боюнча уюмдун биргелешкен комиссиясы Дамаск өкмөтү апрелде тыюу салынган зарин газын колдонгонун жакында аныктаган. Комиссиянын мандаты 16-ноябрдын түнүндө соңуна чыгат. Дипломаттардын айтымында, Орусия иликтөөнү дагы бир жылга узартуу боюнча АКШнын сунушун четке кагышы мүмкүн. Буга чейин Вашингтон Москванын колдоосун алуу максатында документке бир катар өзгөртүүлөрдү киргизген. Ал эми дипломаттар Орусия даярдаган документ да өз кезегинде керектүү тогуз добуш ала албайт деп боолголошот.

Президент Башар Асаддын негизги өнөктөшү болгон Орусия иликтөө механизмин толугу менен өзгөртүүнү жактайт. Ошондой эле ал Сириядагы согуш башталган 2011-жылдан бери Коопсуздук кеңешинин жаңжалга тиешелүү тогуз резолюциясына вето коюп келген. Октябрда болсо Москва химиялык чабуулду иликтеген топтун ишин эки жылга узартуу тууралуу АКШнын сунушун өткөртпөй койгон.

XS
SM
MD
LG