Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:16

Кабулдагы жардыруудан жети киши мерт болду


Жардыруу Кабулдун Хайр-Хана районунда болгон.

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы 16-ноябрда болгон жардыруудан жети киши курман болуп, ондон ашуун адам жаракат алды. Окуя аймактык лидер Атта Мохаммад Нурдун тарапташтары чогулган жерде болгон.

Күбөлөр тарткан видеодо жыйналыш өткөн жердеги имараттын үстүнөн түтүн чыгып турганын көрүүгө болот.

Ички иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдиргиндей, Хайр-Хана районундагы калабаны жанкечти уюштурган. Мерт болгондордун бешөө полиция кызматкерлери. Кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна ала элек.

​Улуттар Уюмунун статистикасына ылайык, Ооганстандын башкалаасында эле жыл башынан бери негизинен талиптер уюштурган чабуулдардан 209 жайкын тургун мерт болуп, 777си ар кандай жаракат алган.

XS
SM
MD
LG