Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:32

Тажикстанда оппозициячыл саясатчыга кол салынды


Тажикстандын Социал-демократиялык партиясынын лидери Рахматилло Зоиров.

Тажикстандагы оппозициячыл катары эсептелген Социал-демократиялык партиянын лидери Рахматилло Зоировго кол салууну Дүйшөмбү шаарындагы Сино райондук полиция бөлүмү иликтей баштады. Полиция бөлүмүнүн башчысы Хабиб Каххоровдун айтымында, учурда кылмыш ишин козгоого жетиштүү маалымат топтоо иштери жүрүп жатат. Зоиров өзү полицияга арыз менен кайрылган эмес. Социал-демократтардын лидерине белгисиз адамдар 9-ноябрда кол салышса да, маалымат каражаттарына окуя тууралуу бир аптадан кийин гана белгилүү болгон.

Зоиров өзү кылмыш иши козголсо деле натыйжа чыгарына ишенбейт. Ал 16-ноябрда "Азаттыктын" тажик кызматы менен болгон маегинде:
- Бул факт деле мурдагы он кол салуудай эле ачылбайт деп ойлойм, - деп айтты.

Зоиров Социал-демократиялык партияны 1998-жылдан бери, ал негизделгенден бери жетектеп келет. 2001-2003 жылдары президенттин улук кеңешчиси болгон. Кийин бул кызматтан өз эрки менен кетип, оппозицияга өткөн.

XS
SM
MD
LG