Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Качкындар лагериндеги жарылуудан 20 киши каза болду


Сириянын Дейр-эз-Зор шаарына жакын качкындар лагеринде жарылуу болду. Андан 20 адам өлүп, 30 киши жараат алды. Рейтер агенттигинин сириялык медиага таянып кабарлашынча, лагерге “Ислам мамлекети” тобунуна таандык автоунаа кирип келген.

Рейтер жарылуу Сирия президенти Башар Асаддын күчтөрү көзөмөлдөгөн аймакта болгонун кабарлады.

Мындан тышкары кеминде беш бала жана эки жаран Дамасктагы авиачабуулдан каза тапкан. Бул тууралуу Associated Press агенттиги кабарлады. Укук коргоочулар чабуулду сирия армиясы жасаганын айтууда.

Сириядагы радикал исламчыларга каршы АКШ башында турган эл аралык коалиция 2014-жылдан тартып күрөшүп жатат. Коалиция сириялык демократия күчтөрүнө колдоо көргөзүүдө.

Орусиянын Сириядагы аскердик кампаниясы 2015-жылы 30-сентябрда башталган. Коалиция Москваны бир нече жолу Сирия президенти Башар Асадга колдоо көргөзгөнү үчүн айыптаган.

XS
SM
MD
LG