Буга байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында жол кырсыктарынан набыт кеткендерди эскерүү иш-чаралары өттү. Чүй, Нарын облустарында кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкерлери саат 10:00дө айдоочуларды үч мүнөткө токтотуп, унаа кырсыктарынан өмүрү менен мезгилсиз кош айтышкандарды эскеришти. Ал эми Ош облусунда Ош-Бишкек, Ош-Кара-Кулжа, Ош-Жалал-Абад жолдорунун тогошкон жеринде атайын акция өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ИИБнын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Жүргүнчү ташыган унаалардын айдоочулардын жана жол кырсыгынан жакындарын жоготуп алган жарандарыбыздын катышуусунда атайын иш-чара өткөрүлдү. Анда жол кырсыктарын алдын алуу, анын кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аягында Бишкек-Ош трассасындагы автоунааларды токтотуу менен бир минуттук эскерүү болду.
Ушундай эле эскерүү иш-чаралары Баткен, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында да өттү.
Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы боюнча, ноябрь айынын үчүнчү жекшембиси жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнү деп белгиленген.
Кыргызстанда жыл башынан бери беш миңге чукул автокырсыгы катталып, андан каза тапкандардын саны 600дөн ашкан. Ноябрь айынын башынан бери эле жол кырсыгынан 50дөн ашуун киши өмүрү менен кош айтышкан. Арасында жаш балдар бар. (ZKo)