Линктер

жума, 19-январь, 2018 Бишкек убактысы 11:44

Атамбаев: Кийинки шайлоолорго КСДПнын тизмесин баштап барайын деген оюм бар


Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кийинки парламенттик шайлоолорго катышуу ниети бар, бирок президенттик кызматтан кеткенден кийин азыркы парламентке келбейт. Бул тууралуу президент ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан басма сөз жыйынында "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып айтты.

- Президенттиктен кеткен соң парламент төрагасы, депутат болгум келбейт. Бирок кийинки шайлоолордо КСДПнын тизмесин баштап барайын деген оюм бар. Анткени тизмени түзүп, тазалаш керек.

Бүгүнкү басма сөз жыйыны Атамбаевдин президенттик ишмердүүлүгүн жыйынтыктоого арналууда, ага 120га жакын журналист, эксперт катышууда.

Алмазбек Атамбаев алты жылдык президенттик кызматка 2011-жылдын 1-декабрында киришкен. Быйыл 15-октябрдагы шайлоону жеңген Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт. (BkA/RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG