Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 19:04

Пакистанда жол кырсыгынан кеминде 20 киши мерт болду


Пакистанда ноябрдын башында эле ири автокырсык болуп, отуздай киши өлгөн.

Пакистандын түштүгүндөгү Синд провинциясында кичиавтобус менен көмүр жүктөгөн унаа кагышып, кеминде 20 киши мерт болгону расмий кабарланды. Дагы бир нече киши оор жарадар болгондуктан, курмандыктар дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылып жатат.

Полициянын билдирүүсү боюнча, автокырсык 20-ноябрда Хайрпур районунда болгон. Кичиавтобуста аялдар менен балдар да бараткан.

Полиция кызматкери Раб Наваз иликтөөнүн алдын-ала маалыматтарына ылайык, кырсык коюу туманга карабай унаалар катуу ылдамдыкта баратканына байланыштуу болгонун айтты.

Өкмөттүн маалыматына караганда Пакистанда жолдордун начардыгынан, автоунаалардын эскилигинен жана жол эрежелери сакталбагандыктан жыл сайын 5 миңден ашуун киши жол кырсыктарында курман болот.

XS
SM
MD
LG