Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Текебаев менен Чотоновдун ишин Жогорку Сотто кароо 21-ноябрга калды


Бүгүнкү соттон тартылган жана Текебаев менен Чотоновдун буга чейинки соттогу сүрөттөрү.
Бүгүнкү соттон тартылган жана Текебаев менен Чотоновдун буга чейинки соттогу сүрөттөрү.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин Жогорку Сотто кароо эртеңкиге, 21-ноябрь күнкүгө жылды. Ишти соттук коллегия карап жатат.

Бүгүнкү жараянда Текебаев менен Чотонов өздөрү сотко жеткирилген жок. Аларды алып келүү боюнча жактоочулардын өтүнүчүн канаттандыруудан сот баш тартты. Сот прокурордон баш тартуу боюнча айыпталуучулардын адвокаттарынын өтүнүчүн да четке какты.

Андан кийин прокурорлор Текебаев менен Чотоновго жаза берүүдө колдонулган мунапысты алып салууну соттон суранышты. Алар өтө оор кылмыштарга мунапыс колдонулбай турганын жүйө келтирүүдө.

Текебаев менен Чотоновго карата чыккан райондук, шаардык соттун буга чейинки чечимдерине нааразы болуп, алардын адвокаттары Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылышкан. Көзөмөл арызды айыптоочу тарап да жазган.

Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүгө чечим чыгарган. Кийин Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, Улуттук коопсуздук комитети тергеген. Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет.

Октябрдын ортосунда Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган. (ErN)

XS
SM
MD
LG