Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Мугабе кызматтан кетүү талабын аткара элек


Роберт Мугабе
Роберт Мугабе

Африканын түштүгүндөгү Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе 20-ноябрдын түшүнө чейин кызматтан ыктыярдуу кетүүсү керек деген партиялаштарынын талабын аткарган жок.

19-ноябрда Зимбабвенин башкаруучу ZANU - PF партиясынын борбордук комитети чукул жыйын куруп, президент кызматын таштабаса ага импичмент жарыялана турганын эскерткен.

Мугабе кызматтан чегингенин 19-ноябрдын кечинде жалпы улутка жасаган кайрылуусунда жарыялары күтүлгөн. Бирок ал тескерисинче, бийликтеги партиянын кийинки айдагы курултайында төрагалык кыларын ырастап жиберди:

- Курултай саналуу аптадан кийин өтөт. Мен анын иштерине төрагалык кылам. Курултайдын жараяндары коомчулуктун көз алдында анын жыйынтыктарына шек келтирип, күмөн санатпагандай кетиши абзел. Түнүңөр бейпил болсун!

Бул өлкөдө ноябрдын башынан тарта саясий кризис күч алды. Армия 15-ноябрда өлкөдөгү бийликти колуна алып, Мугабени үй-камагында кармоодо. Дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарындагы Зимбабвени 93 жаштагы Мугабе 1980-жылдан бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG