Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Үч киши каза тапкан Бишкектеги кырсык боюнча иликтөө башталды


Кырсык болгон жер, Кара-Жыгач айылы.
Кырсык болгон жер, Кара-Жыгач айылы.

Бишкек шаарынын жакасындагы Кара-Жыгач айылында катталган жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери башталып, медициналык экспертизалар дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин патрулдук милициясынын башкы башкармалыгынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Кечээ түштөн кийин “Тойота Камри” үлгүсүндөгү автоунаа көчөдө бараткан беш кишини сүзүп кеткен. Натыйжада окуя болгон жерде 1972-жылы туулган бир аял мүрт кетип, дагы төртөө Чүй облустук ооруканасына жеткирилген. Оор жаракаттан улам кийин алардын экөө каза болгон, бири 7 жаштагы бала.

Машинеде бараткан жүргүнчүлөр да жабыркаган. “Тойота Камри” автоунаасынын 1966-жылы туулган айдоочусу окуя болгон учурда мас болгонун ошол жердеги күбөлөр кырсыктан кийин дароо социалдык тармактарга жазып чыгышкан. Муну тез жардамга барган дарыгерлер да кайгуул кызматкерлерине ырастаган.

Кара-Жыгач айылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна карайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG