Линктер

шейшемби, 16-январь, 2018 Бишкек убактысы 15:38

АКШ президенти Доналд Трамп Түндүк Кореяны терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесине киргизди.

"Түндүк Корея режими өзүн мыйзам чегинде алып жүрүшү керек. Пхеньян мыйзамсыз өзөктүк жана ракета программаларын токтотууга, эл аралык терроризмди колдоону токтотууга тийиш”, - деди Трамп чечимин жарыялап жатып.

Түндүк Корея ал “кара тизмеден” 2008-жылы президент Жорж Буштун тушунда алынган. Ал үчүн эл аралык инспекторлорго өлкөнүн атомдук объектилерине барууга уруксат берилген. Бирок Пхеньян өз убадасын бузган.

Акыркы бир нече айда Вашингтондун демилгеси менен БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы кошумча санкцияларды киргизген. Бул чаралар Пхеньян өзөктүк жана континент аралык баллистикалык ракеталарды сынагандан киийн кабыл алынган.

Буга чейин терроризмди колдогон мамлекеттердин катарына Сирия, Иран жана Судан киргизилген.

XS
SM
MD
LG