Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Токтогул ГЭСине ири трансформатор жеткирилди


Трансформаторду ГЭСке жеткирүү учуру.
Трансформаторду ГЭСке жеткирүү учуру.

«Энергетика тармагын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында сатылып алынган 425 МВА кубаттуулуктагы 260 тонналык трансформатор Токтогул ГЭСине 21-ноябрда жеткирилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуттук энергохолдингдин маалымат кызматы кабарлады.

"JOC Technical Engineering Co., Ltd" (Кытай) компаниясында жасалган трансформатор ГЭСтин №2 агрегатына коюлат. Бул жабдуу өндүрүлгөн электр энергиясын жогорку чыңалууга айландырыш үчүн кызмат кылат. Аны орнотуу иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт деп мерчемделүүдө.

Билдирүүдө айтылгандай, мындай ири жүктү үч ашуудан алып өтүү (Өтмөк, Ала-Бел, Көк-Бел) жана ГЭСке жеткирүү Кыргызстын тарыхында бирин-экин окуя болуп саналат. Трансформатор, аны ташыган техника менен кошо салмагы 320 тоннаны түзгөн. Ташуу учурунда техника бир нече жолу бузулуп, кайра алмаштырылган.

Токтогул ГЭСи төрт агрегаттан турат, анын бири - №3 агрегатка көлөмү кичирээк трансформатор былтыр алынып келип коюлган. №1-4 агрегаттарга трансформаторлор кийинки жылы сатылып алынып келет. Агрегаттардын электромеханикалык каражаттары, анын ичинде трансформаторлору ГЭС курулган 1975-жылдан бери алмашылган эмес. «Энергетика тармагын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында ГЭСти оңдоп түзөө иштери да жүрүп жатат.

Токтогул ГЭСи - Кыргызстандагы суу электр энергиясын өндүрүүчү эң ири энергетикалык жана ирригациялык ишкана. Станция Нарын дарыясына курулган. (ErN)

XS
SM
MD
LG