Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 13:12

Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын маалыматы боюнча, манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгы уюмдун 2018-2019-жылдардагы белгилүү даталар тизмесине кирди. Бул тууралуу резолюция ЮНЕСКОнун 39-сессиясында кабыл алынды.

Алдыдагы эки жылдагы ЮНЕСКОнун белгилүү күндөр календарына Леонардо да Винчинин дүйнөдөн кайтканынын 500 жылдыгы, орусиялык жазуучу Ивана Тургеневдин 200, Нельсон Манделанын 100 жылдыгы сыяктуу даталар киргизилген.

Сагымбай Орозбак уулу (1867-1930) - улуу манасчы. Ал - айткан "Манасы" кагаз бетине түшүрүлүп, чыгармачылык мурасына илимий изилденген баа берилип, "алп манасчы" наамына татыган манасчылардын бири. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG