Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:37

Толкунбек Абдыгулов вице-премьер-министр болуп дайындалды


Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер-министрлик кызматынан бошотулуп, вице-премьер-министр болуп дайындалды. Жарлыкка мамлекет башчы 23-ноябрда кол койгонун президенттик аппарат "Азаттыкка" маалымдады.

Жогорку Кеңеш 22-ноябрда вице-премьер-министрлик кызматка Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин жактырган.

Биринчи вице-премьерликке дайындалганына үч ай боло электе андан ылдыйраак тепкичке түшкөн Абдыгулов 41 жашта. Ал соңку үч жылдан бери Улуттук банкты башкарып келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG