Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Нышанов Атамбаевге "Кыргыз Эл баатыры" деген наам берүүнү сунуш кылды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов президент Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Эл баатыры" деген наам берүү боюнча демилге көтөрдү. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев президент болгон жылдары өлкөдө туруктуулук орноп, таза шайлоо өткөрүүгө шарт түзүлдү. Депутат мөөнөтү аяктап жаткан президенттин бул эмгегин эске алуу менен ага "Кыргыз Эл баатыры" деген жогорку наамды берүүнү сунуш кылды.

- Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азияда жаңы шайланган президентке бийликти демократиялык жол менен тапшырышы баарыбызды толкундантып жатат. Шайлоочулардын сунуштарын эске алып, Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Эл баатыры" деген наам берүүнү сунуш кылам, - деди ал.

Депутат өз демилгесин добуш берүүгө коюуну суранды.

"Кыргыз Эл баатыры" жогорку наамы өлкөгө өзгөчө сиңирген эмгеги жана баатырдыгы үчүн берилет. Кыргызстанда бул наам 20дан ашык адамга ыйгарылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG