Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Нарында көпүрөнү оңдоодо 35 млн. сом мыйзамсыз иштетилгени аныкталды


Жаңы президент, ошо кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков көпүрөнүн абалы менен таанышып жаткан учуру.
Жаңы президент, ошо кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков көпүрөнүн абалы менен таанышып жаткан учуру.

Ак-Талаа районунун Акталчат айылындагы Нарын дарыясынан өткөн көпүрөнү оңдоо иштеринде 35 млн. сом каражат мыйзамсыз иштетилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Текшерүүдө аныкталгандай, быйыл 4-июлда Нарындагы №15 жол эксплуатациялык башкармалыгы (ЖЭБ) бул көпүрөнү оңдоо боюнча курулуш компанияларына сынак өткөргөн. Анын натыйжасында “К” жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү болуп табылган жана 42 млн. 858 сомго келишим түзүлгөн. Андан кийин №15 ЖЭБ мекемеси мамлекеттик сатып алуу боюнча эрежелерди сактабай, мыйзамдарды бузуу менен акчаны аталган фирманын эсебине которуп койгон. Каражаттар банктык кепилдик жана күрөө менен корголбой калган.

“К” курулуш компаниясы көпүрөнү оңдоо иштерин 8-сентябрга бүткөрүү милдетин алганы менен жумуш ушул күнгө чейин бүткөн эмес.

№15 ЖЭБдин кызматкерлеринин мыйзамды сактабагандыгынын натыйжасында мамлекетке 35 351 800 сом зыян келтирилген. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.

Акталчат–Казарман жолундагы 140 метрлик көпүрө 1960-жылдары курулган. Түркүктөрү дарыяга чөгүп кеткендиктен быйыл март айында ал авариялык абалда деген жыйынтык чыгарылып, көпүрөдөн каттоо токтотулган эле. Жаңы президент, ошо кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын алкагында көпүрөнүн абалы менен таанышып, аны оңдоого 50 млн. сом бөлүнгөн болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG