Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришти

Ант берүү аземи 24-ноябрда саат 10:00дө "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» залында башталды. Инаугурацияга 450 киши чакырылды. Бул салтанатка жалпысынан 8 млн 404 миң сом сарпталары кабарланды. Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашууда. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине экс-президент Роза Отунбаева келген жок. Инаугурация "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын "Энесай" аземинде өттү. Ага жалпы 450дөй конок чакырылганы айтылган. Катышкандардын арасында мурдагы президент Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн көптөгөн мүчөлөрү көрүнгөн жок.

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы
Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы

Отунбаева салтанатка чакырылганбы же жокпу белгисиз. Президенттик аппараттан, инаугурацияны уюштуруу комитетинен жана Роза Отунбаеванын өзүнөн бул маалыматты тактоого мүмкүнчүлүк боло элек.

2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге бийликти өткөрүп берген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG