Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:15

Канат Жумагазиев Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын жетектейт


Канат Жумагазиев
Канат Жумагазиев

Канат Жумагазиев Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Аны дайындоо боюнча буйрукка премьер-министр Сапар Исаков 24-ноябрда кол койгон. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта 40 жаштагы Жумагазиев буга чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп иштегени айтылат. Ага чейин ИИМдин 10-башкы башкармалыгын башчысы болуп иштечү.

Ушул айдын башында премьер-министр Сапар Исаков Патрулдук милиция башкармалыгын жоюп, аны Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык деп кайра түзүү тууралуу токтомго кол койгон. Бул кызмат жаңы түзүм болгондуктан анын жетекчиси Каныбек Жумашалиев кызматынан бошотулган. (ErN)

XS
SM
MD
LG