Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Египет: мечиттеги чабуулдун курмандыктары көбөйүүдө


Египеттин түндүгүндөгү Синай аймагында мечитке кол салуудан курман болгондор кеминде 235 адамга жетти.

Өлкөнүн мамлекеттик телеканалы окуя жергиликтүү провинциянын борбору Эл-Ариш шаарынан 40 чакырым алыстыктагы Бир ал-Абд шаарчасында болгонун, андан 120дай киши жаракат алганын кабарлады.

Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сиси чабуулдан кийин чукул коопсуздук жыйынын өткөргөнү, өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланганы белгилүү болду.

“Ассошиейтед пресс” маалымат агенттигинин кабарына караганда, бомба жана мылтыктар менен куралданган адамдар төрт унаа менен мечитке келишкен. Алар мечиттеги жума намазга чогулгандарга ок атуудан мурда бомба жардырышкан.

Негизинен Египеттеги радикал уюмдар Синай жарым аралында топтолгон. Өкмөт алар менен далай жылдан бери күрөшүп келатат.

Өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ жарым аралды каратып алууга аракет кылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG