Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Депутат Бокоевдин кызына белгисиз киши кол салды


Кенжебек Бокоев
Кенжебек Бокоев

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоевдин кызына белгисиз киши кол салып, бычак менен жарадар кылды.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 24-ноябрда кечки саат сегизден өткөндө 12-кичи райондо болгон. Депутаттын 17 жаштагы кызы үйүнө кирип баратканда подъезддин жанында белгисиз адам ага кол салып, балтырына бычак сайган. Андан соң сумкасын алып качкан.

Факт боюнча Октябрь райондук милициясы Кылмыш кодексинин 168-беренеси ("каракчылык") боюнча кылмыш ишин козгоду.

Депутат Бокоев окуяны милиция иликтей баштаганын айтып, жыйынтык күтүп жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Шектүү кармала элек. Кыз ооруканада жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG