Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:11

Пакистандагы жардыруу бери дегенде төрт өмүрдү кыйды


Кветта шаарында болгон буга чейинки жардыруулардын бири.

Пакистандын Кветта шаарында жанкечтинин чабуулунан бери дегенде төрт адам набыт болуп, 22 киши жараат алды. Окуя 25-ноябрда болду.

Полициянын маалыматына ылайык, автобекетке жакын жерде токтоп турган Куралдуу күчтөргө таандык автоунаага жардыргыч зат тагылган кемсел кийген жанкечти чабуул жасаган. Бирок машинеде эч ким болгон эмес.

Бийликтин маалыматына ылайык, көз жумгандардын баары жайкын тургундар. Жараат алгандардын арасында коопсуздук күчтөрүнүн төрт өкүлү да бар.

Кол салууга талиптер жоопкерчилик алды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG