Орусия президентине караштуу ишкерлердин укугун коргоо боюнча өкүл Борис Титов 2018-жылы боло турган президенттик шайлоого катыша турганын билдирди. Ал шайлоого өзү жетектеген партиянын атынан катышат. Мындай чечим Абрау-Дюрсо округунда Өнүгүү партиясынын федералдык кеңешинде кабыл алынды.
Эксперттер Титов бийликке нааразы болгон шайлоочулардын добушун ала албай турганын жана ага шайлоочулардын 1,5 пайызы добушун бериши мүмкүн экенин белгилеп жатышат.
Буга чейин орусиялык теле алып баруучу Ксения Собчак президенттик шайлоого “Жарандык демилге” партиясынан талапкер катары чыга турганы айтылган. Ал өзүн “баарына каршы” деп добуш берчүлөрдүн талапкери катары сыпаттап келет. (КЕ)