Рим папасы Франциск Мьянма менен Бангладештеги 6 күндүк сапарын баштады. 27-ноябрда Рангун шаарында понтификти миңдеген католиктер тосуп алды. Папа генерал Мин Аун Хлаин жана өлкөнүн жарандык лидери Аун Сан Чи менен жеке жолугушууларда рохинжа-мусулмандардын маселесин козгойт деп күтүлүүдө.
Августтун этегинен бери Мьянманын Ракхайн штатынан 600 миңден ашуун мусулман кошуна Бангладешке качкан. Калкынын басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн өлкөдө рохинжа азчылыгы жергиликтүү бийликтин кысымына, куугунтугуна туш болуп келатат. Бул кырдаалды АКШ жана Улуттар Уюму “этностук тазалоо” деп аташты.
Соңку кризис рохинжа козголоңчулары Ракхайн штатында полиция бөлүмүнө кол салгандан ийин башталган. Бирок аскерлер карапайым адамдарга каршы чара көрбөгөнүн, согушкерлер менен күрөшүп жатышканын айтып келатышат.
53 миллион калкы бар Мьянмада католиктердин саны бир пайыздан бир аз ашат. Алардын айрым лидерлери диний дискриминацияга туш болушканын билдирүүдө.
Мьянмадан киийн Папа Франциск Бангладешке бармакчы.