Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:27

Улуттук банк: Айылда банкомат, терминалдар көп орнотулат


Кубанычбек Кулматов.

Улуттук банк айыл жергесиндеги банк инфраструктурасын жакшыртууда. Бул тууралуу бүгүн мекеменин башчысы Кубанычбек Кулматов билдирди.

Анын айтымында, учурда экономика тармагында накталай эмес эсептешүү системасын кеңейтүү аракети эл үчүн айрым кыйынчылыктарды жаратууда.

- Терминалдан менен банкоматтарды аймактарга орнотуу боюнча иш жүргүзө баштадык. Себеби бүгүнкү күндө мамлекеттик, муниципалдык жана жергиликтүү бийлик органдары дээрлик бүт бойдон "айлык маяна долбоорлору" боюнча карталарга өтүп, накталай акча ала албай убара болгон учурлар катталууда.

Бугүн Улуттук банктын башчысын президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, каржы, банк системасындагы маселелерди талкуулады. Ал кыргыз сомунун АКШ долларына карата курсунун туруктуулугун камсыз кылууну тапшырды. Бул айда Улуттук банк сегиз жолу жалпысынан 38 миллион долларлык интервенция жүргүздү. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG