Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Сирия өкмөтү тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышарын ырастады


БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стефан де-Мистура.
БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стефан де-Мистура.

БУУнун демөөрчүлүгү астындагы сүйлөшүүлөрдүн сегизинчи айлампасы Женевада өтөрү күтүлүүдө.

Улуттар Уюмунун чабарманы Стефан де-Мистуранын басма сөз өкүлү Алессандра Веллучи билдиргендей, Сирия өкмөтүнүн делегацясы өлкөдөгү жарандык согушту токтотууну максат кылган сүйлөшүүлөргө 29-ноябрда келерин ырастады.

Ал эми БУУнун чабарманы Стефан де -Мистуранын өзүнүн айтымында, сүйлөшүүлөрдүн бул айлампасында жаңы Конституцияны даярдоо жана кабыл алуу маселесине көңүл бурулат.

БУУнун чабарманы кайсы тараптан болбосун сүйлөшүүнүн алдын-ала шартын кабыл албай турганын да кошумчалады.

Оппозиция делегациясынын башчысы Наср Харири болсо 27-ноябрда Женевага келген соң алардын максаты президент Башар Асаддын бийликтен кетиши экенин белгиледи.

Ал эми Сириянын өкмөттүк “ал-Ватан” гезитинин мурдараак жазганына караганда, Дамасктын делегациясы Женевага барышын оппозициянын "Асад кызматтан кетсин" деген талабынан улам кечиктирүүдө.

Оппозиция өз кезегинде өкмөттү сүйлөшүүлөргө олуттуу көңүл бурбай, убакытты атайлап создуктуруп жатканы үчүн айыптап келет.

Сириядагы жарандык согушта азыркыга чейин 330 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылып, алты миллиондой адам өлкөнүн сыртына качып чыгып, 5 миллиондой киши өлкө ичиндеги качкынга айланды.

Жарандык согуш президент Башар Асаддын режими 2011-жылдын жазында демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып чыккан демонстранттарды күч менен басууга аракет кылгандан тартып башталган. (UE)

XS
SM
MD
LG