Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:18

Тиллерсон: Батыш Орусия менен жемиштүү мамилени каалайт


Рекс Тиллерсон.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 28-ноябрда Вашингтондогу программалык билдирүүсүндө сүйлөп жатып "Орусия шайлоо жараяндарына кийлигишип, демократияга каршы идеяларды колдоо менен коңшуларына карата агрессивдүү аракеттерин улантып жатат", - деди.

Ал Батыш Орусия менен жаңы жемиштүү мамилелерди каалай турганын, бирок азырынча ал "ишке ашпачудай" болуп жатканын айтты. Анын айтымында, Украинадагы жаңжал жөнгө салынмайынча, Вашингтон менен Москванын алакасын оңдош мүмкүн эмес.

Рекс Тиллерсон Москва менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө боло турган тармактар бар экенин, алар Сирияда "Ислам мамлекетине" каршы күрөш жана ооган маселесин чечүү экенин белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG