Линктер

шаршемби, 22-август, 2018 Бишкек убактысы 06:37

Милиция: Жосунсуз жорук көрсөткөн айдоочу кармала элек


Интернетке тараган видеодогу айдоочу.

Бишкекте көчөлөрдүн биринде кетип баратып каршы тилкеге чыгып, колу менен уят белги көрсөткөндө видеого түшүп калган адам кармала элек, аны издөө уланып жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Бишкек шаардык патрулдук милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Таалайбек Бугубаев билдирди.

Анын айтымында, машина жеке менчик экени аныкталды. Окуя болгондон кийин милиция ошол автоунааны издеп таап, жолдо бараткан жеринен токтоткон. Ичиндеги айдоочу айыпты мойнуна алган. Анын сүрөтүн милиция Интернетке жарыялаган.

Бирок ал жаман жосун көрсөтүп, видеого түшүп калган адам эмес экени учурда Интернетте кызуу талкууланып жатат.

“Биз токтоткондо автоунааны башкарып келе жаткан айдоочуга карата протокол түзөбүз да” дейт Бугубаев:

- "Сен эмес экенсиң, сүрөттөгү башка болчу" деп коё берип жибербейбиз. Бул адам “мен болчумун” деп эле айтып жатат. Видеодогу киши ким экенин аныктамайынча автоунаа камакта болот. Издөө иштери жүрүп жатат. Өзүнүкү 7474 деген номур экен. Ал эми 0003 деген номурду айдоочу “гаражда эле жаткан, мактанып тагып алгам” деп айтып жатат.

Бугубаевдин айтымында, күч кызматкерлери машинага тагылган караңгылатылган пленкасын жана атайын үн чыгарып, жарык берүүчү түзүлүшүн алып салышты.

Кармалган айдоочуга карата административдик протокол түзүлдү.

Видеону 28-ноябрда Facebook колдонуучусу Атай Садыбакасов өзүнүн баракчасына жарыялаган. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG