Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Сириянын өкмөттүк делегациясы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө бүгүн барат


Наср ал-Харири.
Наср ал-Харири.

Сирия президенти Башар Асаддын өкүлдөрү оппозиция менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышканы Женевага бүгүн барышат. Буга чейин Дамаск режимдин каршылаштары Асаддын кетишин дагы эле талап кылып жатышканын бетке кармап, делегациясын сүйлөшүүлөргө жөнөтүүнү токтото турууну чечкен.

Бирок Улуттар Уюму Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрү 29-ноябрда сүйлөшүүлөргө келишээрин билдирди. Маалыматка караганда, бир катар маселелер, анын ичинде Асаддын кызматтан кетиши талкууланбайт.

БУУнун колдоосу астында өткөрүлүп жаткан жолугушуулардын буга чейинки айлампалары жыйынтыксыз аяктаганы менен, алты жылдан ашкан согушту токтотуу багытында бир аз болсо да жылыш болот деген үмүт бар.

Алгачкы жолу бир делегацияга бириккен оппозиция өкүлдөрү 28-ноябрда де Мистура менен кездешти. Анын алдында топтун жетекчиси Наср ал-Харири Асаддын кызматтан кетишин талап кылууну улантып жатканын билдирди.

Бул маселени талкуулоодон баш тартуу де Мистура үчүн да ыңгайлуу. Чабарман жаңы Конституцияга жана БУУнун көзөмөлүндө шайлоо өткөрүү маселелерине көңүл буруу керек экенин айтып келет.

Жарандык согуш Сирияда 340 миңден ашуун кишинин өмүрүн кыйды, миллиондогон адамдар урандыларга айланган өлкөдөн чыгып кетти.

XS
SM
MD
LG