Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:05

Милиция: Колу менен уят белги көрсөткөн айдоочу кармалды


Интернетке тараган видеодогу айдоочу.

Бишкекте атайын жабдык орнотулган машина айдап баратып жосунсуз жорук көрсөткөн айдоочу кармалды. Анын аты жөнү Урмат Токтоназаров экенин "Азаттык" радиосуна патрулдук милициядан тастыкташты. Учурда териштирүү жүрүп жатат.

28-ноябрда Facebook колдонуучусу Атай Садыбакасов өзүнүн баракчасына видео жарыялаган.

Анда 0003 ВВ номелүү Toyota Land Cruiser менен жолдо кетип баратып каршы тилкеге чыгып, колу менен уят белги көрсөткөн адам тартылган.

Бишкек шаардык патрулдук милициясы ал адам кармалганын жарыялап, сүрөтүн чыгарган. Бирок кийин интернет колдонуучулар видеодогу адам менен кармалган адам эки башка экенин жазып чыгышкан. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG