Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Жээнбеков Путин менен жолугушту


Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан учур. 28-февраль, 2017-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан учур. 28-февраль, 2017-жыл.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Москвадагы иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Путин эки өлкөнүн товар алмашуусу 32% көбөйгөнүн, азык-түлүк өндүрүмдөрүн ташуу эки эсе арбыганын белгиледи.

- Сиз президент катары алгачкы иш сапарыңызда Орусияга келдиңиз. Биздин эки өлкөнүн ортосундагы мамилени өнүктүрүү, эл аралык уюмдар менен бирге иштешүү боюнча сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биринчи сапарыңызда Орусияга келгениңизге кубанычтамын, – деди Путин.

Өз кезегинде кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы катары иш сапарын адегенде Орусиядан баштаганын символикалуу экенин белгиледи:​

- Алгачкы сапарымда Москвага барганым мен үчүн терең символикалуу. Бул ушундай болушу керек болчу. Мен адегенде Москвада болушум керек эле. Бул биз, Кыргыз Республикасы биздин мамилебизди жана стратегиялык өнөктөштүгүбүздү бекемдөө ниети күч экенин көрсөтөт.

Жолугушуунун соңунда Жээнбеков Путинге I даражадагы «Манас» орденин тапшырды.

"Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана биримдикти өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн" Владимир Путинди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлоо тууралуу жарлыкка экс-президент Алмазбек Атамбаев 22-ноябрда кол койгон.

Сооронбай Жээнбеков Орусиянын чакыруусу менен Москвага бүгүн барды. 30-ноябрда Беларуска барып Минскте өтө турган ЖККУнун мааракелик сессиясына катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG