Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:30

Бишкекте апрель окуялары тууралуу тасмага каршы акция өтөт


Курманбек Бакиев.

Бүгүн Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдында “Хабар” мамлекеттик маалымат агенттигинин Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен маектешип, даректүү тасма тартканына каршы акция өтөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылапта жараат алгандардын башын бириктирген “Айкөл Ала-Тоо” коомунун жетекчиси Мээрбек Мискенбаев кабарлады.

- Казакстандын мамлекеттик телеканалынан канкор Бакиевге эфир берип, 7-апрелдеги ыңкылап тууралуу тескери багытта көрсөтүп, "Казакстанда ушундай революция болбошу керек" деп эли чыгып жатканда айла жок жасап жатат. Тасманын анонсунда "революциянын эч нерсеси жок, мен ушул бойдон келдим, менин ич кийимиме чейин алып кетишиптир" деп сүйлөп жатат. Балдар эки коробка ич кийим топтоп, элчиликке тапшырат.

Мискенбаев Казакстанды "7-апрелдеги ыңкылаптын маанисин өзгөртүп жатат" деп айыптоодо.

Казакстандын “Хабар” мамлекеттик маалымат агенттигинин тасма тууралуу анонсу 28-ноябрда Интернетке чыккан. Анда 2010-жылдагы бийлик алмашкандан кийинки окуялар көрсөтүлгөн тасмада Бакиевдин ошол күндөрдү эскерүүсү, Ак үйдүн алдындагы атышуу, кан төгүлгөн кадрлар көрсөтүлөт. Анда Бакиев: “Мен ишенем, убагы келгенде мекениме кайтып барам” деп айтат.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Улуттук «Хабар» маалымат агенттиги толугу менен мамлекетке карайт. Анын негиздөөчүсү - Казакстандын Маалымат жана коммуникация министрлиги.

Бакиев Кыргызстанда 2010-жылдагы 90дой адамдын өмүрүн кыйган апрель окуялары үчүн өмүрүнүн аягына чейин сыртынан эркинен ажыратылган. Учурда ал Беларуста жашайт. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG