Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Орусияда өзбек жарандары жасалма кыргыз паспорту менен кармалышты


Орусиянын күч кызматынын өкүлдөрү.
Орусиянын күч кызматынын өкүлдөрү.

Орусиянын Рязань облусунда Кыргызстандын жасалма паспорту менен беш өзбекстандык жаран кармалды. "Азаттыктын" өзбек кызматы жергиликтүү булактарга таянып 29-ноябрда билдиргендей, аларды Совет районунда Ички иштер министрлиги менен Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү бирге колго түшүрүшкөн.

Кармалгандар 24-34 жашта. Тергөөдө маалым болгондой, алар Орусияда өз документтерин жоготуп, кыргыз паспортун ошол жактан эле сатып алышкан. Документти ким сатканы азырынча анык эмес.

Кармалгандардын үстүнүн кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG