Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:09

Мыйзамсыз аңчылыкка шектүү резиденцияда иштей турганын айтты


Иллюстрациялык сүрөт

Нарында Ак-Сай өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылык кылгандар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу департаментинин Нарындагы өкүлчүлүгүнүн адиси Аскат Жакшылыков бүгүн "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Ак-Сайдагы чек ара бекетинде чек арачылар менен бирге токтотулган автоунаадан тоо текенин эти менен үч мылтык табылган. Айдоочусу өзүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын кызматкеримин деп тааныштырган.

- Башында этти сатып алдык, койдун эти дешкен. Бирок биз териштиргенде Ак-Сай өрөөнүндөгү Көк-Кыя участогунда үч атчан киши мылтык асынып жүргөнүн көргөнбүз деп жергиликтүүлөр айтышты. Андан кийин бирөө мен мамлекеттик резиденцияда инженер болуп иштейм деп жаткан, бирок биз протокол толтурганда ал киши кайра эч жерде иштебейм деди.

Кармалгандар Административдик кодекстин 149-беренесинин (аңчылыктын жана балык уулоонун, ошондой эле жаныбарлар дүйнөсүнүн башка түрлөрүн колдонууда эреженин бузулушу) негизинде тоо теке үчүн 55 миң сом, бир суур үчүн 1,5 миң сом айып салынды.

Учурда Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү кылмыш иш козгоп, тергөө жүргүзүп жатат. (MiK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG