Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Жогорку Сот Zanoza.kg сайтына карата чечимдерди өзгөртүүсүз калтырды


Бүгүн Жогорку Сот Zanoza.kg сайтына байланыштуу райондук жана шаардык соттор чыгарган үч өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна адвокат Акмат Алагушев кабарлады. Бүгүн Жогорку Сот үч ишти карады.

Алар: “Ата-Мекен” партиясынын юристтеринин Дача СУ айылындагы учак кырсыгы, Өмүрбек Текебаевдин Кипр өлкөсүндөгү сапары тууралуу комментарийи, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу айткандарына байланыштуу иштер. Бул айтылгандарды басып чыгарганы үчүн Zanoza.kg сайтынын ээси "ПроМедиа" фонду (негиздөөчүлөрү Нарын Айып жана Дина Маслова) доого жыгылган.

Мындан тышкары, дагы эки доо боюнча журналист Нарын Айыптан алты миллион, сайттан алты миллион сом өндүрүп алуу боюнча чечим чыккан болчу.

Ошентип, жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыздар шаардык сотто канааттандырылган. Анын ичинен "ПроМедиа" 15, Нарын айып 9, Дина Маслова 3 миллион төлөөгө милдеттүү экени айтылган.

Адвокаттар иш калыс каралбай калганын айтып, аны Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайра териштирүүгө жөнөтүүнү өтүнүштү. Бирок Жогорку Сот бул өтүнүчтү четке какты.

Жогорудагы иштер боюнча "президенттин ар-намысына шек келтирилди" деген негизде доо арыз менен сотко Башкы прокуратура кайрылган. (ZB/КЕ)

XS
SM
MD
LG