Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Орус чиркөөсү кумсалардын, динге каршылардын никесин тааныбайт


Орус православдык чиркөөсү кумсалар менен “динге каршы еретиктердин” никесин тааныбай турганын расмий билдирди.

“Чиркөө никесинин мыйзамдык тараптары” аттуу документ Москва патриархынын расмий сайтына жарыяланды. Анда мамлекеттик мыйзам кумсаларды каттаса да, чиркөө мыйзамга баш ийбей турганы айтылат.

Мындай чечимди православ төбөлдөрү чиркөөнү коргоо катары түшүндүрүшүүдө.

Май айында патриарх Кирилл кумсалардын баш кошуусуна жол берген мыйзамдар фашисттик Германия же Түштүк Африкадагы апартеиддердин аракетине барабар деген сын айткан. Орусия мыйзамдары кумсалардын үйлөнүүсүнө уруксат бербейт. (BCh)

XS
SM
MD
LG