Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:10

Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун соту болот


Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Мавлян Аскарбековго козголгон кылмыш иши боюнча жараян болот. Аскарбековдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, териштирүүдө айыптоочу тараптын күбөлөрү суралат.

Алардын арасында негизги күбөлөрдүн бири деп саналган Сокулук районунун акими Болот Саткеев да бар. Бирок ал сотко келүүдөн баш тартып, мурдагы отурумдарга келген эмес. Судья бүгүнкү жараянга аны мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарган.

Мавлян Аскарбековго Кылмыш кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга үндөө” деген беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал Учкун-2 жана 16-январдагы авиакырсыктын жапа чекккен Дача СУ конуштарынын тургундары менен жолугушууда бийликти басып алууга чакырган деп шек саналып жатат. Кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеген.

Активист болсо өзүнө тагылган айыпты четке кагып, аны оппозициялык ишмердиги үчүн куугунтук катары баалап келет.

XS
SM
MD
LG