Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 14:13

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев “Сот-тергөө ишиндеги жарандардын укуктары менен эркиндигинин кепилдигин күчөтүү чаралары” жөнүндөгү жарлыкка кол койду.

Анын негизинде үч ай ичинде тергөө абактарына, убактылуу жана административдик кармоо жайларына видеокөзөмөл орнотууга тапшырма берилди.

Документте мыйзамсыз жол менен алынган күбөлөрдүн, шектүүлөрдүн, жабырлануучулардын, эксперттердин көрсөтмөлөрүн жана аудио-видеожазмаларды колдонууга тыюу салынган. Далилдер укук бузуу менен топтолгону билинсе, жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG