Линктер

ишемби, 21-апрель, 2018 Бишкек убактысы 12:06

Кыргызстандык жаран Николай Хлебаев дайынсыз жоголгону тууралуу арызданып, анын жубайы Литвада укук коргоо кызматтарына кайрылган. Бул тууралуу Литванын delfi.lt маалымат сайты жарыялады.

64 жаштагы Хлебаев жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштечү . Ал Каунас-Клайпеда автожолунда автоунаасы менен жоголгон. Кыргызстандык жаран көк түстөгү «Mercedes-Benz Arctic» (катталган номуру S 5777 J) үлгүсүндөгү унааны минип жүргөн.

Маалыматта айтылгандай, Николай Хлебаев акыркы жолу 28-ноябрда саат 16:25те байланышка чыккан. Ошондон бери андан жана ал башкарган унаадан кабар жок. Учурда полиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG