Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

АКШ менен Түштүк Корея эң ири машыгуусун өткөрүүдө


АКШнын Түштүк Кореядагы аскердик учактары. 4-декабрь, 2017-жыл.
АКШнын Түштүк Кореядагы аскердик учактары. 4-декабрь, 2017-жыл.

Бүгүн башталган, биргелешкен аба машыгуусуна 230тан ашуун учак тартылууда.

Коңшулаш Түндүк Корея машыгууну “чагым” деп атап, ал “кайсыл учурда болбосун” өзөктүк куралга байланышкан чатакка жол бериши мүмкүн экенин белгиледи.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат агенттигинин билдирүүсүндө Вашингтон “Корей жарым аралында өтө коркунучтуу өзөктүк курал оюнун уюштуруу менен өзөктүк согушту тилеп жатат”, - деп айтылат.

8-декабрга чейин созулуучу машыгууга Түштүк Кореянын аскерлеринен тышкары АКШнын да 12 миңдей деңиз аскери катышмакчы.

АКШ армиясынын билдиргенине караганда, биргелешкен машыгуу Корей жарым аралында тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылыш үчүн эки тараптын даярдыгын жана күжүрмөн дараметин чыңдайт.

Түндүк Корея акыркы ирет 28-ноябрда баллистикалык ракетасын сынаган эле.

Пхеньян атылгандан кийин 1100 чакырымдай учуп барып, Жапон деңизине кулаган ракета оор дүрмөт алып жүрө алаарын жана АКШнын материктик бөлүгүнө жете алаарын билдирген.

Пентагон да анын баштапкы иликтөөсү сыналган ракета континент аралык баллистикалык ракета экенин көргөзгөнүн билдирген.

Түндүк Корея быйыл эле жыйырмадан ашык ракетасын, анын ичинде континент аралык баллистикалык ракетасын эки сыйра сынап, алтынчы ирет өзөктүк жардыруу да өткөргөн.

Түштүк Кореяда Түндүк Кореянын агрессиясына жол бербеш үчүн АКШнын 28 миңдей аскери турат. (UE)

XS
SM
MD
LG