Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Чоң-Алайга 11 мобилдик үй жеткирилди


Мобилдик үйлөрдү жеткирүү.

Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган үй-бүлөлөрдү кыш мезгилинде убактылуу турак-жай менен камсыз кылуу максатында беш күндүн ичинде 11 мобилдик үй берилди.

Алар Жекенди айыл аймагынын Шибе айылына жеткирилип берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Быйыл 3-5-май күндөрү күчү дээрлик алты баллга жеткен эки жер титирөөдө Жекенди айыл өкмөтүндөгү беш айылда 630 үйгө зыян келген. Алардын ээлери үйлөрүн кышка чейин куруп бүтө албай, айрымдары суук түшкөнүнө карабай чатырларда баш калкалап жатканы кабарланган.

Министрлик май айынан бери жабыр тарткандарга 4281 тонна цемент, 374 миң даана кыш жеткирип берген. Мындан тышкары, жер титирөөдөн жабыркаган элге жардам берүү максатында ачылган эсепке 26 млн. 230 миң 176 сом 38 тыйын түшүп, анын ичинен 24 миллиону жергиликтүү бийлик тарабынан элге таратылып берилген. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG