Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Ошто мушташтан 17 жаштагы студент каза болду


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде 1-курста окуган студент мушташтын айынан каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков ырастады.

Анын айтымында, студенттин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголуп, окуянын себептери иликтенип жатат.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, окуя кечээ 3-декабрда болгон. Бир нече студент чырдаша кетип, чырдын аягы мушташка айланган. Натыйжада чатактан улам токмок жеген 17 жаштагы 1-курстун студенти катуу жабыркаган. Ал ооруканага жеткирилгенден кийин көз жумган.

Айрым маалымат булактары окуя боюнча шектүү катары бир нече студент кармалганын жазып чыгышты. Милиция азырынча алардын санын ачык айта элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG