Линктер

бейшемби, 18-январь, 2018 Бишкек убактысы 17:48

Гани менен Мирзиеев аймактын коопсуздугу тууралуу сүйлөшүштү


Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиеев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Ооганстандын лидери Ашраф Гани Ташкенттеги жолугушууда эки тараптуу алакаларды жана аймактагы коопсуздукту талкуулашты.

5-декабрда өткөн жолугушууда эки президент террорчулукка, экстремизмге жана маңзатты мыйзамсыз айлантуу жолдоруна каршы биргелешкен күрөштү күчөтүүнү макулдашышты.

Расмийлердин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн соңунда бир катар документтерге кол коюлду. Анын алкагында соода, билим берүү, саламатттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу жана өзбек-ооган чек арасында коопсуздукту сактоо боюнча биргелешкен комиссия түзүү тууралуу макулдашуу да бекитилди.

Андан башка Өзбекстандан Ооганстанга электр зымдарын тартуу жана Ооганстандын Герат жана Мазари-Шариф шаарларын бириктире турган жаңы темир жол линиясына Ташкенттин катышуусу каралган документтерге да кол коюлду.

Гани Өзбекстанга 4-декабрда эки күндүк расмий сапар менен келген. Ал шаршембиде байыркы Бухара шаарына барып, Бухара мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG