Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:47

Жээнбеков: Коррупцияга каршы системаны кайра түзөбүз


Иллюстрациялык сүрөт.

Коопсуздук кеңешинин президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдындагы алгачкы жыйыны коррупция маселесине арналат.

Бүгүн мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиевди кабыл алып, негизги багыттарды жана келерки жылдын планын талкуулады.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү системасын кайра түзүш керек экенин айтып, жемкорлукка каршы жаңы механизмдерди иштеп чыгуунун зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен катар бардык мамлекеттик органдардын уюшкандыкта иштөөсүн, улуттук коопсуздуктун сырткы жана ички коркунучтарын жоюуну камсыз кылуу боюнча да талап коюлду.

Коопсуздук кеңешин президент жетектейт. Ал жылына бир нече жолу чогулуп, актуалдуу маселелерди талкуулайт жана өкмөт ишке ашырууга милдеттүү болгон иш-чаралардын багытын аныктайт. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG