Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 02:50

Саакашвили камакка каршылык көргөзөрүн билдирди


Михаил Саакашвили тарапкерлерине кайрылууда. Киев, 6-декабрь, 2017-жыл.

Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили бүгүн демонстранттардын парламент имаратындагы чатыр лагеринде сүйлөп, прокурорлор чакырган жерге барбай турганын, тескерисинче алар менен лагерде сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

Ал өз жактоочуларына кайрылып: “Биздин план айдан-ачык. Башкы максатыбыз - кылмыштуу топту бийликтен кетирип, импичмент жарыялоо”, - деди.

“Кылмыштуу топ” дегенде Саакашвили украин президенти Петро Порошенкону жана анын командасын эске алып жатат.

Кечээ Украинанын прокуратурасы Саакашвилиден 24 саат ичинде полицияга багынып берүүнү талап кылган. Жогорку Раданын жанында демонстранттар менен полиция күчтөрү да кагылышкан болчу.

Ага чейин кечээ эртең менен Украинанын Улуттук коопсуздук кызматы Саакашвилини Киевдеги батиринен кармаганда, аны жактоочулары бир нече саатка созулган тирешүүдөн кийин күч менен бошотуп кетишкен.

Прокуратура өкүлдөрүнүн айтымында, Саакашвили "кылмыш кылууга аракеттенген, адамдардын тобу менен кылмыштуу иштерге атайлап катышкан, кылмыштуу уюмга жардам берген жана анын кылмыш иштерин жашырган" деп айыпталып жатат.

Мындан тышкары, украин бийлиги Саакашвили уюштурган нааразылык акцияларын мурдагы президент Виктор Януковичтин адамдары каржылаганын билдирди. Саакашвили болсо мындай дооматтар “күлкүлүү” экенин айтып, аларды четке кагып жатат.

Грузиянын мурдагы президенти азыр Украинада “Жаңы күчтөрдүн руху” деген саясий партияга жетекчилик кылат.

Президент Петро Порошенко 2015-жылы Саакашвилини Одесса облусунун губернатору кылып дайындаганда ага украин жарандыгын ыйгарып, бирок өзүнө каршы чыккандан кийин быйыл жарандыктан ажыратып салган. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG