Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Жыл башынан бери Бишкекте 767 адам гепатиттин “А” түрүнө кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2017-жылдын он бир айында борбор шаарда 767 адам гепатит дартынын “А” түрүнө кабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык көзөмөл борборунун жетекчисинин орун басары Курманбек Өмүралиев билдирди.

Анын айтымында, бул ооруга чалдыккандардын 70%, же 536сын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Мунун ичинен 291и мектеп окуучулары жана 100ү бала бакчада тарбиялангандар.

Мунун себебин Өмүралиев билим берүүчү мекемелерде тамак жасоодо гигиеналык жана санитардык нормалар сакталбаганы жана балдардын өтө көптүгү менен түшүндүрөт. Ошондуктан ал ата-энелерди жана бакчалардын, мектеп жетекчилерин санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырды.

Аталган мекеме бул эрежелерди сактабаганы үчүн 105 мекемеге айыппул салып, 217сине эскертүү берген.

Сарык же гепатит боорду жабыркатып, адамды алсыратат. Медициналык жол менен же таза эмес ийне аркылуу дүйнөдө жыл сайын 2 миллионго чукул кишиге гепатит жугуп турат. Гепатиттин вирусу оңой менен өлбөйт, айрым дезинфекциялоочу заттарга туруштук бера алат. Аны дарылоо да узак убакытты талап кылат.

Кыргызстанда 2011-жылдан бери балдарды сарыкка каршы эмдөө жаатында маселе козголгону менен каражаттын тартыштыгынан улам чечилбей келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG