Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:14

Экс-мэрди сөккөн Балыкчы шаар башчысы эки миң сом айыпка жыгылды


Азыркы мэр Алмазбек Мамбетов (солдо) жана мурдагы мэр Сатыбек Шамшудинов (оңдо).

Балыкчы шаардык соту шаардын мурунку башчысы Сатыбек Шамшудиновду сөккөн азыркы мэр Алмазбек Мамбетовду күнөөлүү деп таап, аны 2000 сом айыппул төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук сотунун өкүлдөрү билдиришти.

Мындай чечимге нааразы болгон мэр Мамбетовдун жактоочусу Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Балыкчынын азыркы мэри Алмазбек Мамбетов менен мурунку шаар башчысы Сатыбек Шамшудинов делген адамдардын телефондогу сүйлөшүүсү августта Интернетке тараган. Ал аудиодо Мамбетов орой жана оозго алгыс сөздөр менен Шамшудиновду сөгүп, "өлтүрөм" деп коркутканы жаздырылган.

Сатыбек Шамшудинов телефондук сүйлөшүүлөрдү өзү жаздырганын айтып, экс-мэр менен мэриянын отчету тууралуу талаштан улам кагуу жегенин билдирген. Ал кийин маселе боюнча териштирүүнү сурап Балыкчы шаардык милициясына, сотко, президентке, премьер министрге, Жогорку Кеңештин төрагасына кат жүзүндө кайрылган. Алмазбек Мамбетов бул боюнча комментарий берген эмес. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG